Юлдуз Усманова көрүүчүлөр менен саламдашып жатып, Кыргызстандагы күйөрмандары менен тез-тезден жолугушуп жатканына кубанычта экенин билдирди.Ырчы бул жолку келишинде бийчи кыздары менен бирге музыканттарын да алып келди. Андыктан концертте фонограммасыз өз үнү менен ырдады.
Концерт эки бөлүктөн турду. Биринчи бөлүгүндө жаңы жазылган, өзбек элине тартуулана элек ырларын ырдады. Ал эми экинчи бөлүгүндө күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон эски композицияларынан аткарды. Алардын ичинен көрүүчүлөр ырчынын репертуарындагы “Атыргуль” композициясын кыйкырык-сүрөөн, ышкырык, кол чабуу менен жакшы кабыл алышты. Айта кетчү нерсе, бул концертте ортодогу эки номерди эске албаганда, жалаң Юлдуз ырдады. Өкүнүчтүүсү, концерт бир жарым саатка гана созулду. 700 сомго чейин билет сатып алып кирген көрөрмандар акчасына ичи ачышып калгандай эле болду. Алардын бири Харида айым концертти аз эле убакыт коюп койду деп нааразычылыгын билдирди.
-Бул кечеге апам экөөбүз келгенбиз. Билетти 700 сомдон сатып алдык. Концерт өтө эле аз болуп калды, жок дегенде эки жарым саат болот деп ойлодук эле.
Пенсия жашындагы Анипа энеге микрофон узатканыбызда ал концерт жаккандыгын айтты. Юлдуз Усманованын концертине бир катар кыргыз ырчылары да күбө болушту. Мындай концерттер жергиликтүү ырчыларга жакшы таасирин тийгизет. Себеби алардын тажрыйба алмашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт, деди бир катар маданий долбоорлордун автору Сагын Ниязалиева.
-Башка мамлекеттердин ырчыларынын да концертин сөзсүз көрүш керек. Алардын репертуары менен да таанышыш керек. Кыргызстандын ичинде эле өзүнчө кайнай берсек алыс кете албайбыз деп ойлойм.
Акыркы жылдары шаарыбызды Өзбекстан жылдыздарынын ырлары каптап кеткени жашыруун эмес. Тойдо болобу, кафеде болобу, өзбек музыкасы сөзсүз жаңырат. Ушуга байланыштуу Кыргызстандагы продюсердик борборлор өзбек эстрада жылдыздарын концертин байма-бай эле уюштурушууда. Ал эми Юлдуз Усманованын чыгармачылык кечесин “Кыз-Бурак” продюсердик борбору “Кыз-Бурак” тобунун 30 жылдык мааракесине карата уюштурду.
-Айжан Шаботоева, Бишкек