Кыргыз өкмөтү Кытай Эл республикасынан 70 миллион юань гранттык каражатка бөлүнгөн айыл чарба техникасын бөлүштүрүүнүн тартиби тууралуу токтом чыгарды. Премьер-министр Феликс Кулов кол койгон токтомго ылайык Экономика жана каржы министрлигинин карамагындагы экономикалык өнүгүү фонду техниканы үстөксүз кредиттик негизде он жылдык мөөнөт менен айыл чарба товарын өндүрүүчүлөргө берет.