Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сессиясында оппозициячыл депутаттар маалымдашты. Алардын айтымында, «Атамекен» саясий партиясына таандык «Сентябрь» телерадиокомпаниясынын обого чыгаруучу аппаратурасы керектен чыгарылган, депутаттарга кол көтөрүү өңдүү фактылар болгон. Ошондой эле «Атамекен» партиясынын мүчөлөрүнө ок атуучу куралдар менен чабуул жасалып, колдорунан партиянын желектери тартылып алынган.