09:00 Митинг учурунда жабыркагандардын саламаттыгы канааттандырарлык

Бул тууралуу алардын ал-абалынан кабар алып чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев билдирди. Митинг учурунда жабыркаган үч адам азыр шаардык төртүнчү ооруканада дарыланууда. 7-ноябрда Бишкектеги эски аянтта оппозия тарапкерлери менен бийликти жактагандардын ортосунда кагылышуу чыкканда милиция газ колдонуп ажыраткан. (MSH)