Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Маскөөгө келди

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Али Ларижани кечээ күнү Маскөөгө келип, орус жетекчилери менен жолукту. Бириккен Улуттар азыр аскерий максатта жүргүзүлүп жаткан Ирандын өзөктүк программаларын токтотууну көздөгөн резолюция үстүндө иштеп жатат жана Маскөө ага бир топ өзгөртүү киргизүү сунуштады. Тегерандын айтымында, резолюция өтө катуу болсо, Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик менен кызматташуу шарттарын Иран кайра карап чыгат.