Палестина автономиясынын премьер-министри Исмаил Хания кечээ күнү атайын билдирүү жасап, эгер Батыш мамлекеттеринин бойкотун токтотууга жардам бере алса, ал өз кызматынан чегинүүгө даяр экенин билдирди. Хания бийликке - үстүбүздөгү жылдын башында өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо экстремисттик ХАМАС уюму жеңип чыккандан кийин келген, бирок Батыш мамлекеттери жаңы өкмөттү бойкоттоп жатат. Автономиянын төрагасы Махмуд Аббас менен Хания азыр жаңы өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө.