«Жаңы Конституциянын кабыл алынышы бул «Реформалар үчүн» кыймылынын гана жеңиши эмес, бул жалпы кыргыз элинин ийгилиги» деген пикирлер коомчулукта айтылууда. “Бул бийликтин оппозицияга убактылуу чегинүүсү” деген пикирлер да бар.
«Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү, “Асаба” партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева Алатоо аятындагы салтанатта жаңы Башмыйзамдын кабыл алынышы менен жалпы элди куттуктады. “Жаңы Конституция үчүн, жаңы система, жаңы мамлекеттик башкаруу үчүн Кыргызстандын прогрессивдүү көз караштагы эли өз салымдарын кошушту” деди Роза Отунбаева.
Бул жеңиш Кыргызстандын президенти менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын өз ара түшүнүү менен компромиске келишинин натыйжасы болду.
«Мен Кыргызстандын баардык жарандарын жаңы Конституциясы менен куттуктайм. Бул Башмыйзам биздин мамлекеттин өнүгүшүнө жол ачып, жарандардын жыргалчылыгына шарт түзөт»,-дейт Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Манас таануу борборунун жетекчиси Абдылдажан Акматалиев.
Өлкө президенти Курманбек Бакиев баш мыйзамдын жаңы редакциясына кол коюп жатып, бул маанилүү иште Жогорку Кеңештин депутаттарынын, президенттик администрациянын кызматкерлеринин орду чоң деп эсептээрин билдирди.
«Демократиялуу Кыргызстанда ар бир жаран өз позициясын мыйзамдуу түрдө ачык айтып чыгууга укуктуу. Ошондуктан «Реформалар үчүн» кыймылы менен митинге чыккандар да, президент Курманбек Бакиевди жактап митинге чыккандар да мыйзамдуу укуктарын колдонушту. Кеп алардын талаптарында эмес, саясий эрктүүлүгү менен маалыматтуулугунда»,-деди.
«Ата мекен» партиясынын мүчөсү Мурат Иманалиевдин айтымында, митинге чыккан эл бийликти эсине келтирип, жаңы баш мыйзамды кабыл алууга аргасыз кылды.
Өлкөнүн коммунисттер партиясынын төрайымы Клара Ажыбекова бул бир жарым жылдан берки талкуунун, талаш- тартышуунун жыйынтыгы деп эсептейт: “Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу адилеттүү конституция кабыл алынды. Мындан ары чечилбей калган көйгөйлөрдү сүйлөшүүлөр аркылуу чечебиз".
Жогорку Кеңештин мурдакы төрагасы Мукар Чолпонбаев баш мыйзамдын жаңы редакциясына юрист катары мындай баа берип, талаш-тартышуу убактылуу гана токтоп, бийлик оппозицияга тыныгуу бергенин, мындай көрүнүш юридикалык жактан мыйзамдуу экенин, дагы чечилбеген маселелер бардыгын билдирди.