15:55 Бакиев-Кулов тандемин колдогондордун митинги бүттү

БИШКЕК. Президент К.Бакиев менен премьер-министр Ф.Куловду колдогондордун эски аянттагы митинги бүттү. Ушул сааттарда боз үйлөр чечилип жатат, эл болсо үй-үйлөрүнө тарап жатышат. Облустардан келгендер артка кайтыш үчүн автоунааларын чуктап, жолго даярдана баштады. Эртең менен бул жерге А.Мадумаров, Д.Үсөнов жана М.Кайыпов келип, элди тароого чакырган болчу.