Грузия газ боюнча “Газпром” менен тил табыша алган жок

Грузия газды төмөн баада сатып алуу үчүн өзүнүн энергетикалык активдерин Россияга өткөрүп берүү тууралуу “Газпромдун” сунушун четке какты. Грузиянын премьер-министри Зураба Ногаидели муну “саясий шантаж” деп атады. Келээрки жылдан тартып Россия Грузияга жиберилчү миң куб метр газдын баасын 110 доллардан 230 долларга чейин көтөрүүнү пландаштырып жатканын билдирген.