19:00 НТС телеканалынын электр кубатын кыркып салышты

Электр кубаты бүтүндөй телекомпаниянын имараты боюнча жок. Генератордун жардамы менен электр кубатын калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө. Бирок, анын күчү студияны иштеткенге гана жетет, компьютерлерди иштетип монтаж жасаганган жетпейт. Телекомпанияны электр кубатынан ким кандай максатта ажыратып салганы такталууда. Аталган каналдын башкы редактору Нурлан Жоодатовдун айтымында алардын кеңсесине өзүн VIP шаарчасынын тургуну деп тааныштырган адам келип, эгерде телеканал Алатоо аянтында өтүп жаткан митингди көрсөтүүнү токтотпосо анда алардын жарыгын өчүрүшөөрүн айткан.