Жогорку Кеңеште өлкөнүн жаңы Конституциясы үчүн добуш берүү жараяны жүрүүдө. Парламенттин өткөн түнкү чукул жыйынында жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу үчүн Уюштуруу жыйыны түзүлгөн. Мунун алдында кечээ президент Курманбек Бакиев Конституцияга өз өзгөртүүлөрүн сунуштап, бирок аны парламенттеги көпчүлүк жана оппозиция четке каккан эле. Көчөгө чыккан элдин саны 40 миңге чейин жеткен эле. Беш күндөн бери Бишкекте митинг уюштуруп жаткан “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү Эдил Байсалов соңку окуялар боюнча «Азаттык» менен ой-пикир бөлүштү.
- Сиз да түндө Жогорку Кеңеште болдуңузбу?
- Ооба, Жогорку Кеңештин ичинде да, сыртында да болдум. 34 депутат кол койгуча ошол жерде болдум.
- Түнү менен турдубу эл парламент алдында?
- Ооба. Биз ошол жакта турдук, майрамдадык. Анан эл менен борбордук аянтка келдик, ошол жерде турдук, алтылар менен барыбыз жаткандай болдук.
- Борбордук аянтта да митингдин катышуучулары адаттагыдай эле түнөштү да?
- Ооба, көбүнчөсү түнөдү. Кээ бир адамдар транспорт болбогондон кийин ошол шаарчада чатырларда түнөдү. Митингде жалпы Кыргызстан боюнча саат 10-11 менен башталат. Биз Бишкекке гана эмес, башка региондордогу кеңештерге кайрылабыз, башка адамдарды күтпөстөн, өзүбүздүн айылыбыз болобу, шаарыбыз болобу, Кыргызстан боюнча борборго барып кыймылдын иш аракети менен колдооңузду көрсөтөм десеңиз саат ондор менен бара береңиздер.
- Демек, азыр Жогорку Кеңеште жаңы Конституцияга кол коюу жараяны жүрүүдө. Ошол Баш мыйзамдын жаңы долбоору азыркыдан эң негизги айырмачылыгы эмнеде?
- Эң негизги айырмасы - ар кандай бийлик бутактарынын арасында баланс болуш керек. Биз канчадан бери айтып келатабыз, бизде баланс жок, ар кандай долбоорлорду жарыялаганда дагы ар бир өзү парламенттик, президенттик дейт, ар кандай бийлик формалары боюнча сөз кылып жатып алышчу. Бизге баланс керек болчу. Менин оюмча, эң негизги айырмасы парламенттин 70ке жакын депутаты партиялык тизме менен шайлансын деп атабыз. Ошол парламенттин депутаттарынын бөлүштүрүлүшү саясий партиялардын ролу боюнча эң негизги жаңылык жана өзгөртүү болуш керек.
- Жаңы Конституцияны кабыл алуу жараянынын легитимдүүлүгү келечекте да күмөн саналууларды туудурбайбы?
- Бул бир саясий кадам болуп, Учредителдик жыйын деп атабыз. Бул аркылуу кабыл алынды. Менин оюмча, албетте бул долбоорду колдогон Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны такталышы керек. Бирок, эң негизгисин биз түшүнүшүбүз керек, Курманбек Бакиевге окшогон мамлекет башчылар мамлекеттеги кризисти чечейин, оңдойун деген ою жок болсо андай жетекчилер күндөн күнгө өзүнүн укуктарын жоготушат. Айтып келгенбиз, бийлик ушундай бир сыйкырдуу нерсе, эгерде өзүңдүн бийлигиңден пайдаланбасаң бир заматта эле жок болуп калат деген сөзүбүз бар болчу.
- Эдил мырза, эл аралык маселелер боюнча да сөз кыла кетели? Сиз Кошмо Штаттарга көп барып жүргөн адамсыз. Бүгүн ал жерде Конгресске орто мөөнөттөгү шайлоо өтөт. Бийликтеги республикачылар менен оппозициядагы демократтар ортосунда атаандаштык Конгресстин Эл өкүлдөр палатасындагы бардык орундарга эле эми сенаттын үчтөн бири үчүн жүрүп жатыптыр. Айрым маалыматтарга карганда, азыр оппозициядагы демократтар көп орун алышы мүмкүн деген божомолдор бар. Бул саясий күчтөрдүн балансынын АКШда өзгөрүшү да. Алардын тышкы саясаты Кошмо Штаттын тышкы саясатына өзгөрүү алып келиши мүмкүнбү, маселен Борбор Азия боюнча?
- Албетте, бул шайлоолор абдан маанилүү. Кыргызстандын темасы, мисалы баягында көрдүк, Акаевдин былтыркы Пентагон менен мамилеси, Акаевге төлөнгөн миллиондогон акчалар? Пентагондогу коррупция. Акаевге окшогон коррупционерлер акча алып атса, албетте, Кыргызстандын да темасы бар АКШда болуп аткан шайлоолордо. Менин оюмча, бул шайлоолор абдан маанилүү. Баса белгилей кетишибиз керек, кыргыздар үчүн эң негизгиси АКШдан алыскы региондордогу демократиялык өнүгүү суроолору демократиялык партиялар болобу, республикачыл партиялар болобу, ошолордун администрациялары тарабынан көбүрөк көңүлгө ээ болуш керек. Менин оюмча азыркы учурда, албетте, кандайдыр гана жыйынтык болбосун биз үчүн биздин регионго көбүрөк көңүл бурулат деп ишенсек болот.