ЖОГОРКУ КЕҢЕШ КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ ДОЛБООРУН КОЛГО САЛУУДА

Жогорку Кеңеш өткөн түнү чукул жыйын чакырып, бирок кворум болбогондуктан, Конституцияны кабыл алуу үчүн Уюштуруу жыйынын түздү. Уюштуруу жыйыны жаңы баш мыйзамга 2005-жылдын 17-июлундагы жана быйылкы жылдын 31-октябрында президент менен макулдашылган долбоорду негиз катары алды. Таңга чейин башмыйзамдын жаңы долбооруна 36 депутат кол койушту. Депутаттардын айтымында, анын кабыл алуу үчүн 38 депутаттын макулдугу эле керек. Күндүзгү саат он экиге дейре долбоорго калган депутаттар да кол коюуга мүмкүнчүлүгү бар. "Кыргызстандын парламенти, Уюштуруу жыйынын түзүп, өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алды",-деп билдирди «Реформа үчүн» кыймылынын лидери Өмүрбек Текебаев. Анын айтымында, мамлекет азыркы учурда кыйын кырдаалда турат, бийликтин эски системасы иштебей шал болуп калды, ал эми жаңысы түзүлө элек. Парламенттин чукул жыйынына чакыртылган Конституциялык Соттун төрагасы Чолпон Баекова жаңы конституция кабыл алуунун жол-жобосу баш мыйзамда каралбаганын белгилеп, азыркы оор шартта парламент өзүнүн регламентине таянып жаңы конституция кабыл алышы мүмкүн деп жол көрсөтүп берди. Президент жана өкмөт башчы азырынча бул маселе боюнча эч кандай реакциясын билдире элек.