20:50 Митингчилерге Чүй облусунун губернатору келип кошулду

Кечке жуук аянтта турган митингчилерге Чүй облусунун губернатору Тургунбек Кулмурзаев келип кошулду. Ал митингде сөз сүйлөп, "Чүйдүн эли "Реформа үчүн" кыймылдын талаптарын колдойт, биз эл мененбиз", деди. Бул - митинг болуп жаткан 4 күндөн берки олуттуу окуя жана мамлекеттик мындай чоң кызматтагы адамдын биринчи отставкасы.

Буга чейин президент К.Бакиев ички иштер министринин милдетин аткаруучу Гуроновду кызматтаен алып, анын ордуна генерал Субаналиевди койгон жарлык чыгарган эле.