“ПИРАМИДАНЫН” ТЕЛЕБЕРҮҮЛӨРҮ АТАЙЫН ТОСКООЛДУКТАН ЧЫБЫРЧЫКТООДО

“Пирамиданын” телеберүүлөрү 30-октябрдан баштап кайрадан ободо. Бирок, дециметрлик гана диапозон менен чыгарылып, болгону Бишкек шаарына жана Чүй облусунун Бишкекке жакын аймагына көрсөтүлүүдө. Ага карабастан “Пирамиданын” берүүлөрүнө мамлекеттик структуралар тарабынан атайын тоскоолдук жасалып, чыбырчыктатылып көрсөтүлүүдө деген пикирлер бар.
Кайрадан бериле баштаган күндөн эле “Пирамиданын” берүүлөрүн чыбырчык басканын телекөрүүчүлөр жакшы билишет. Себеп-жөнүн изилдөөгө пирамидачылар ошол алгачкы күндөн киришкенин аталган телерадиокомпаниянын телеберүүлөр боюнча шеф-редактору Турат Бектенов бяндады:

- Биринчи эле обого чыгып, биздин жаңылыктар кете баштаганда чыбырчык басып, үн угулбай калды. Биз ойлодук – берүү жабдыгыбыз (передатчигибиз) бузулуп атат окшойт деп. Аны мурдагы өрттөнгөн жабдыктардан кураштырып жасаганбыз да. Текшеришкенде анын бузук эмес экендиги аныкталды. Биринчи ноябрь күнү кечинде биринчи жолу чоң материал бердик – мен Алмазбек Атамбаев менен түз ободо кенен маек кылдым. Анда да баягындай жакшы көрүнбөй, угулбай койду. Ал эми биздин программа бүтөөр замат телевизор туптунук көрсөтүп калды.

Турат Бектеновдун айтуусунда, таратылып аткан телесигналды улуттук байланыш агенттиги аскердик максатта колдончу генератор менен атайылап бузуп жатыптыр. Аны адистер ырастап беришиптир.

Бийлик тарап болсо“Пирамидага” жолтоо кылган эч ким жок деген пикирди тутунуп келет.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын аткаруучу-деректири Жыргалбек Турдукожоев “Пирамиданын” берүүлөрү бүгүнкү күнү жалпы Кыргызстанга абдан зарыл болуп турат деген ойдо.

Көптөгөн телекөрүүчүлөр митингдин алдында “Пирамиданын” жарым-жартылай обого чыга баштаганына канагат кылса, анын ачык-даана көрүнбөй жатканына жана мурдагыдай Кыргызстандын кыйла аймагына жетпей калгандыгына кыжыл. Бишкек шаар тургуну Токтогул Абдыев азыркы бийлик “Пирамидага” карасанатай иш жасагандарды жазаласа нерви чыңалган митингичилер жеңилдей түшөт эле деп эсептейт.

Ал эми “Пирамиданын” телеберүүлөр боюнча шеф-редактору Турат Бектенов мамлекеттик бийлик “Пирамиданы” мамлекеттик теле мунарадагы метрлик диапозонго өткөзүү менен толук калыбына келтиргенге мүмкүнчүлүгү бар деген оюн кошумчалады.

Кожогелди Култегин, Бишкек