Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Осмонаали Гуронов сөз сүйлөп, эртеңки майрам менен куттуктады. Министрдин орун басары Темиркан Субанов 6 күндөн бери шаарда коопсуздукту сактап аткандыгы үчүн ыраазылык билдирип, митинг бүткөнчө аягына чейин турабыз деди. Андан кийин “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү Болот Шерниязов секичедеги микрофон аркылуу “милиция эл менен”, “жоокерлер эл менен”, “бир үй-бүлөөнүн эмес, элдин кызыкчылыгын коргогула” деп чакырык таштады.(ChO)