Депутат «Реформа үчүн» кыймылынын жыйынында жазылган үн тасманы ачыкка чыгарганы үчүн өкмөт башчынын үстүнөн сотко арыз даярдалып жатканын «Азаттыкка» билдирди. Оппозиция лидерлеринин сөзү жазылган үн тасмага таянып, Башкы прокуратура аларды конституциялык бийликти күч менен кулатууга аракет кылууда деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Феликс Кулов кийинчерээк тасмада жазылгандарды «кызуу кандуулукту» токтотуу максатында ачыкка чыгарганын, оппозицияга каршы кылмыш ишин козгоого каршы экенин билдирген. (SM)