3-ноябрда Нарын облустук тарыхый этнографиялык музейде “Азаттык” үналгысынын алгачкы жетекчилеринин бири Төлөмүш Жакып уулунун 80жылдыгына арналган жеке бурчу ачылды. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, саясий партиялар, коомдук уюмдар жана туугандары болуп, жалпысынан кырктан ашык адам чогулду.
“Азаттык” үналгысынын алгачкы жетекчилеринин бири Төлөмүш Жакып уулунун музейдеги жеке бурчу “Азаттык” үналгысынын Нарындагы кабарчыларынын демилгеси менен ачылды.
-Бул идея “Азаттык” үналгысынын дeректири, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегинге таандык,- дейт "Азаттык" үналгысынын Нарын облусундагы кабарчысы Күмөндөр Усупов.
Күмөндөр Усупов бул ишке ушул жылдын мартынан тартып белсенип киришкен. Архивди карап отуруп, Төлөмүш Жакып уулу жөнүндө маалыматты таап, изилдеген. Байгазак айылына эки жолу барып, туугандарын чогултуп, сүрөттөрүн, кол жазмаларын, гезит беттерине чыккан материалдарын топтогон.
Музейдеги бурчтун ачылышына катышкан “Азаттык Медиа” мекемесинин дeректири Кубат Оторбаев Төлөмүш Жакып уулу жөнүндө кенен маалымат берди:
-Кыргыздардын азаттыгы деп совет заманы кысып, маалыматтарды ачыкка чыгарбай турган заманда ушул “Азаттык” үналгысы аркылуу Төлөмүш Жакып уулу маалыматтарды айтып берип турган. 1975-жылы үналгынын тарыхында бир бурулуш учур болгон. Ошондо Түркстан бөлүмүнүн негизинде өзүнчө кыргыз, казак жана башка тилдерде үналгынын бөлүмдөрү ачылган. Ошондо ал киши кыргыз бөлүмүнүн биринчи жетекчиси болуп дайындалган жана 1983-жылга чейин иштеген.
Кубат Оторбаевдин пикиринде, келечек муундар мындай тарыхый инсандар жөнүндө билиш керек.
-Кыргызстан качандыр бир мезгилде өзүнчө мамлекет болуп калабы деп, ошого албан салымын кошкон адамдардын бири - Төлөмүш Жакып уулу. Биз кийинки урпактар, бүгүнкү бийлик, эртеңки келечектеги балдар өзүбүздүн тарыхыбызды билишибиз керек,- дейт Кубат Оторбаев.
Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары Исабек Абдыгазиев бурчтун ачылышында мындай деди:
-Бул кишинин келечеги алдыда. Биз ал кишини унутсак, анда бизди тарых эч кечирбейт.
Төлөмүш Жакып уулунун бир тууган иниси Жумабек Жакып уулу агасы менен 1990-жылы Германиянын Мүнхен шаарында жолугушканын мындайча эскерди:
-Мен беш жашымда ал 1943-жылы согушка кеткен экен. Мен таанып жатам. Сүрөтүм дагы барган. Биздин бир кичинекей кемчилигибиз - сүрөттү бергенде артына жазыш керек экен. Сен кимисисиң деп ошондо сурады,- дейт Жумабек Жакып уулу.
Төлөмүш Жакып уулунун жеке бурчун ачууга аталган музейдин жетекчилиги көп жардам берди. Андан сырткары Нарындагы “Ынтымак-эл биримдиги“ коомдук уюмунун башчысы Жамалбек Рысалиев да ар тараптан колдоо көрсөттү.
-Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу деген кыргыздын улуу инсандары эл-жеринен алыс жүрүп, азаттыктын баркын билип, келечекте кыргыз эли да азаттыкка чыкса экен деген тилек менен ушул “Азаттык” радиосун ачып, бизге жеткирген адардардан болуп жатат,- деди Жамалбек Рысалиев.
Жаркын Ибраева, Нарын шаары