Бүгүн Бишкекте улуттук филармонияда "Кыргызстан конструктивдүү күчтөрү" аттуу бирикменин курултайы өттү. Анда өлкөдөгү саясий кырдаал жана конституциялык реформа маселеси талкууланды. Курултай катышуучулары 23-декабрда референдум өткөрүп, анда мамлекеттик башкаруу формасы, конституцияны кабыл алуу, президенттин өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштөөсү жана Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча маселелерди коюуну сунушташты. (AiT)