20:00 Эртең “Кыргызстандын конструктивдүү күчтөрү” деп аталган уюмдардын курултайы өтөт

Курултайды эки коомдук бирикме: Демократиялык реформаларды жана мыйзамдуулукту колдоо боюнча улуттук форум жана “Куттуу Кыргызстан” бирикмеси уюштурууда.Уюштуруу комитетинин маалыматы боюнча, курултайдын жыйынтыгында Кыргызстандын конституциясын кабыл алуу жана Жогорку Кеңешти таркатуу маселелери боюнча референдум өткөрүү жөнүндө Президентке сунуш берилген жатат. Бул иш чарага өлкө башчысы Курманбек Бакиев, премьер-министр Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов, өкмөттүн мүчөлөрү жана коомдук-саясий кыймылдын лидерлери чакырылды.(ZMa)