Бейшембиде Иракта түрдүү чабуулдардан 49 адам мерт болду

Алардын ичинде Багдаттагы шийилердин Садр калаасындагы базарда жарылуудан набыт болгон 7 адам да бар. Анын аралыгында, Францияда сапар менен жүргөн Ирактын президенти Жалал Талабани өлкөдө АКШ жетектеген аскерлер 2-3 жылдын ичинде, Ирак өзүнүн армиясын түзгөндө, кайра үйлөрүнө кайта алышат деп билдирди.