"Реформа үчүн" кыймылдын теңтөрагасы, депутат Текебаевдин митингде сүйлөгөн сөзү:
- Азыр кылмыштуулуктун, алыш-бериштин, тууганчылыктын мыйзамы өкүм сүрүп турат. Сиздер, биз мына ушундай тартипке каршыбыз. Биз Акаевдин Бакиевге алмашышын эмес, замандын алмашышын каалайбыз. Биз Кыргызстанда адилет коом, адилет бийлик орношун каалайбыз. Ошондуктан ар кандай региондон өкүлдөр бүгүн бул жерге келип отурат. Эгерде мамлекет башчылары, биз ишенген лидерлер өз сөзүнө турбаса, эл алдында ооз жүзүндө, кагаз жүзүндө берген убадаларынан баш тартса, мындай бийликтин элди башкарганга моралдык укугу жок, мындай бийликтин айткан сөзүнүн күчү жок. Алардын жазган мыйзамынын күчү болбойт. Мына ошондуктан бүгүн биз бул жерге мамлекетти сактап калгыны, элдин ыйманын сактап калганы келип отурабыз. Ошондуктан сиздердин тапшырманыздар абдан чоң. Бул - тарыхый күн. Биз бүгүнкү бийликтин айткан убадаларын эске салып, аны аткарганга мажбур кылышыбыз керек. Биз психологиялык, моралдык, саясий кысым менен буларды өз ордуна койбосок, алар убадаларын аткара турган түрү жок. Ошондуктан биз буга толук укуктуубуз. Оппозициянын жетекчилери, "Реформалар үчүн" кыймылдын жетекчилери Кыргызстанды экиге бөлүп атат, деген ар кандай калп сөздөрдүн бардыгы ушулардын сөзүнөн чыгып атат. Ушул жерге чыккан адамдар биз кыргыз эли үчүн, кыргыз мамлекети үчүн чыгып атабыз, Кыргызстан!...