16:00 Өмүрбек Текебаев: 2-ноябрь – тарыхый күн

Текебаев митингдин катышуучуларын бийликтин убадаларын саясий моралдык-психологиялык кысым аркылуу аткартууга чакырды. "Бүгүн Кыргызстанда кылмыштуулуктун, алыш-бериштин, тууганчылыктын мыйзамы өкүм сүрүп жатат. Ошондуктан, адам эмес, заманды алмаштыруу, мамлекетти, элдин ыйманын сактап калуу керек",- деп билдирди «Реформа үчүн!» кыймылынын тең төрагасы.