13:25 К.Бакиев Конституциянын өзү каалаган долбоорун дүйшөмбү күнү парламентке сунуштайт

БИШКЕК. Президент К.Бакиев бүгүн парламентте Конституциянын өзү каалаган долбоорун дүйшөмбүдө Жогорку Кеңешке сунуш кыла турганын билдирди. Анын пикири боюнча талаш-тартыш туудура турган бир гана берене болушу мүмкүн - ал бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү жана Кыргызстандын башкаруу системасына байланыштуу маселе. Парламенттен
эгер сунуштар болсо президент аны да кабыл алып, долбоорго киргизүүгө даяр экендигин айтты.