САЙДУЛЛА НЫШАНОВ: АР КИМ ӨЗ БИЛГЕН НАМАЗЫН ОКУП АТАТ

- Урматтуу менин шайлоочуларым! Урматтуу президент! Урматтуу өкмөт мүчөлөрү! Бүгүнкү күндө сырта абал оор болуп турат. Биз бул жерде эки-үчкө бөлүнүп алып, көп нерсени так түшүнбөй, кээде бири-бирибиздин дарегибизге фамилияларды айтып, күнөөлөрдү коюп жатабыз. Мен ойлойм, президентибиз Курманбек Салиевич, сиз дагы көп сөздөрдү айтып жатасыз. Бирок, ошолорду айтканда акырына чейин так турсаңыз ушул күнгө, ушул этапка биз жетмек белек.

Биринчиси, сиз Жогорку Кеңешти таратамын деп көп жолу башын чыгарып коесуз да анан таратылбай калат. Менин оюмча сиз бүгүн так айтып койсоңуз «силер тарайсыңар, мен жигитмин, же тарабайсыңар» деп. Экинчиси, Конституциялык реформа боюнча мен округда жүргөндө бир да киши сураган жок. Кайсы конституцияны кабыл аласыңар, качан кабыл аласыңар, кандай болот деп. Мага көп эле коллегаларым кошулса керек, мага себеби ушул сөз эл арасында көп эле болбой турат.

А эмне үчүн бүгүнкү күндө үчүн «Реформа» кыймылын эл ээрчип чыгып жатат. Эл буларды колдоп жатат. Колдоп жатканы анык да. Муну мойнубузга алышыбыз керек. Элдин көйгөйү кандай, конституция болгондо дагы элдин турмушу жакшырса, ошол менин шайлоочуларыма, кыргыз элиме ким жакшы кызмат кылса, мен ошол президентти колдоп анын желегин көтөрүшкө дайым даярмын.

Курманбек Салиевич жаңгак боюнча сиз билесиз. Жаңгак биздин элди көп жылдан бери багып келген. Жаңгактын орточо жашоо убагы 250-жыл. Элүү жылы түшүм бербесе дагы эки жүз жыл түшүм берет. Дагы эл айтып жатат бул бизге экинчи эне. Эне баласына кандай сүт берип, эмизип бакса, ал жаңгак бизди ошентип багып келатат. Бирок ал бак-дарактар кыйылып жатат. Токтогон жок. Эгерде жөнөкөй адам ал жаңгакты кыйып ала турган болсо, беш километрге жетпей колго түшөт.

Паспорт боюнча депутаттар ар дайым айтышат. Ушул паспорттун тарыхы кандай болот. Биз Молдавияга чейин барып келдик. Масалиев, Исабеков, Абдуллаевдер менен. Ал жерде да айтып жатышат. Силердин адамдарыңар бизге телефон чалып Кореяга бере турган 500 миң долларды кайтарып бересиңер деп бизге чалышты. Мен жалган айткан жокмун. Кореяга ким барган? Ал жакка Кудайбердиев барган. Ал сүйлөшүп келсе керек менин оюмча. Аны болсо паспорттун жаңжалы бүткөндөн кийин чек ара кызматынын башчысынын орун басары кылып койдук. Паспортту айыл жерлеринде 70-90 күндүн аралыгында да ала албай жатышат. Мен ар күнү ушул телефонду көтөргөнүмдө паспортту бергиле, Орусияга кетишибиз керек, кантип жашайбыз дейт.

Менин Арсланбап айыл өкмөтүмдө миңдей киши Орусия каттайт. 700-1000 киши. Алар орточо миң доллардан бир жылда алып келет. Ошентип Арсланбап айыл өкмөтүнүн тургундары көп тиричилигин жаңгак менен өткөрүп келишет. Биздин Кыргызстанда беш миллион эл болсо, анын бир миллиону сыртта жүрүшөт. Ошол бир миллион бүгүн Кыргызстандын ичиндеги бир миллион элди багып жатат. А балким бир жарым миллионду багып жаткандыр. А биз калганын багышка мүмүкүнчүлүгүбүз болбой калып жатат.

Мен жердешим Өмүрбек Текебаев Чиркешович жөнүндө айтайын. Мунун азыр кан басымы миңге чыгып, менден мурун трибунага чыгып сүйлөп өттү. Муну дагы түшүнүш керек. Башталгандан бери эле Текебаевдин артынан, муну чакыртып алыш керек, башка кылыш керек... Эми сиз кылбасаңыз дагы сиздин жан жоокерлериңиз кылып жатпайбы. Токтоткула!Текебаевди чакыртыш кыйын. Ал жыйырма жыл депутат болуп жатат. Аны төрт жолу Базаркоргондун эли шайлады. Анын сулуулугунан же башкасынан шайлаган жок. Анын дагы эмгеги бар, ошон үчүн шайлады.

Албетте, Өмүрбектин дагы анча-мынча кемчиликтери бардыр менин көз карашымча. Бирок эл колдоп жатат. Мага окшогон Жогорку Кеңешке жаңы депутат болуп калгандарды чакыртса болмок, бирок Өмүрбек Чиркешовичти чакыртып алыш бул болбой турган нерсе. Мен билбейм бүгүнкү күндө ынтымак кандай болуп жатат. Мына өкмөт башчысы Феликс Шаршенбаевич турат. Өкмөттүн ичиндеги структуралар дагы төрт-бешке бөлүнүп алган. Ар ким өз билген намазын окуйт.

Сиз президентсиз, бул киши премьер-министр. Бири-бириңиздер менен ага-инидей болуп иштешпестен, Феликс Шаршенбаевичти чыгып алышып митингде бакырып жатышат. Бул кетиш керек, бул мындай болуш керек деп. Ошол бакырган кишилер башка жакка барып балыктай болуп күндөн-күнгө беттери агарып жатат. Мындай болбош керек. Сиз премьер-министрди, бийликти өзүңүздүн оң колуңузду сыйласаңыз ошол сүйлөгөн кишилерди ошол кызматка койбой коюш керек эле да.

Мен сизди айта албайм, сиз барып айттырдыңыз же айттырбадыңыз деп. Мына биздин ынтымакчылыгыбыз. Биз каякты көздөй кетип бара жатабыз. Ош менен Баткен облусунун он бир начальник милициясынын ичинен бешөө наркотик менен иштешет экен. Бул фактыны Султанов Марат Абдыразакович билет. Мына маалыматтар келип жатат. Биз элди каякка алып бара жатабыз. Эл ошон үчүн конституциялык реформа үчүн эмес, эл өзүнүн турмушуна, өзүнүн бүгүнкү күндөгү жашоосуна нааразы болуп, бул жигиттердин аркасынан кетип жатат. Буларга жагып же алардын башкасына кызыкканына мен көп ишене бербейм. Ар бир киши өзү үчүн ойлонуп калды бүгүнкү күндө. Анан акыры барып Конституциялык реформага такалып жатат. Ооба, мен кечээ кол коюп бердим колдоп. Алып келсин көрөлүк. Бирок бул жерде айтып жаткан азаматтар эки саатта, жарым саатта алабыз деп мен аны окуп таанышмайынча, кийин Нышанов иттик кылып ушундай конституцияны кабыл алган экен деген сөзгө барбайм. Бүгүн атып таштаса дагы, эл мени жакалап өлтүрүп койсо дагы мен аны менен таанышып, элимдин кызыкчылыгына туура келбесе, мен аны колдоп бере албаймын. Бул дагы туура эмес. Биз ортодогу позицияны алышыбыз керек. Ошон үчүн менин айтаарым урматтуу президент, урматтуу депутаттар. Негизи ынтымакчылыкка келели. Бири-бирибизди аңдыганды токтотолу. Кемчиликтер бар. Биз эң жөнөкөй паспорт маселесин чечпегенден кийин эмне деп айтышыбыз керек. Мына Европа өлкөлөрүндө жеке адамдын гана эмес, иттеринин, малдарынын паспорттору бар. А биз элибиздин паспортун алып бере албай жатабыз. Ал эми паспорт боюнча мен өзүмдүн сунушумду киргизгем убагында Жогорку Кеңеште. Башка азаматтар Кенжетаевдердей чыкпай калса мага бериңизчи бир үч-төрт айга мен аны жолго салып берейин. Азыр райондогу паспорт столундагы төртөө, бешөөнү камаса эле калганы ордуна келип калат. Бизде тартип жок болуп жатат. Жаңгакты кыйгандар дагы биздин райондогу укук коргоодо иштеген азаматтар. Алар убагында сизди колдогон экен. Сиздин инилериңиз менен дос экен. Жада калса 24-октябрь Орозо айт күнү мага төрт-беш киши менен келип алып айтышат. Анын бирөөсү райондун жетекчиси. Анын фамилиясын айтсам эртеби-кечпи кызматтан алып таштайсыңар. Ошол кыйып алып жатат дейт. Эй сен токтоткун, мындай кылбагын десем мен сени өзүңдү жумуштан алып саламын.

Азыр Жаныш Салиевичке чалсам, акмагың чыгат деп айтат дейт. Эми бул жерде чын, эл сиздин иниңиз менен таанышпы же жөн эле анын атын жамынып жатабы? Бирок ушундай иштерге чекит коюш керек. Акыркы бир суроом Курманбек Салиевич аны жазып алып, мүмкүн болсо жооп берип койсоңуз. 24-мартта Жалалабатта банкты тоношкон. Ал жерде Курманбек Салиевичтин иниси Жаныш Салиевич менен Нышанов Сайдулланын агасы Нурлан Нышанов катышкан деген сөздөр бар. Бүгүнкү күндө Нышанов Нурлан жок. Мен улуу трибунадан жигит катары айтам. Мен билбейм жана бир да жолу сүйлөшкөн жокмун. Менин жанымдагы экс-спикер Мукашев айтат. Сен ошону билесиң, бекитип коюп отурасың. Жок мен билбеймин Муратбек Осмоналиевич. Өткөндө экс-депутат деп айтсам экс-депутат деген болбойт. Экс-спикер деген эле болот деп жатпайбы. Ошон үчүн менин айтаарым, Нурлан Нышанов каякта экенин тактоого мүмкүнчүлук болсо СНБга тапшырма берсеңиз. Алар тактап берсе. Мен ал кишинин каякта жүргөнүн билип койсом жакшы болот эле, Мукашевден мурунураак.