Бул тууралуу Түштүк Кореянын тышкы иштер министри, БУУнун келечектеги баш катчысы Пан Ги Мун кечээ Москвада чыгып сөз сүйлөп жатып билдирди. Пан Ги Мундун айтымында, Түндүк Корея өзөктүк сынактарды токтотуп, ядролук программасын текшерүүгө инспекторлорду чакырууга тийиш. АКШ президенти Буш да, Түндүк Кореяга каршы киргизилген БУУнун чектөөлөрү аткарылышы керек деп эсептейт.