Мындан сырткары өлкө президентине баш мыйзамдын жаңы долбоорун парламентке 6-ноябрга дейре сунуштоо, мамлекеттик телекөрсөтүүгө коомдук башкаруу киргизүү тууралуу мыйзамга кол койуу сунушу айтылган. Кечээ түшкө чейин 28 депутат эгер 2-ноябрга чейин конституциянын жаңы долбоору парламентке сунушталбаса президент Курманбек Бакиев менен премьер-министр Феликс Кулов кызматтан өз эрки менен кетиши керек деген кайрылуу таркаткан.