25 депутат бүгүн тараткан билдирүүдө эгер 2-ноябрга чейин конституциянын жаңы долбоору парламентке сунушталып кабыл алынбаса, президент Курманбек Бакиев менен премьер министр Феликс Кулов кызматтан өз эрки менен кетиши керек деп айтылат. Депутаттар 2-ноябрь акыйкаттык, трайбализмге, коррупцияга, бийликтеги жалганчылыкка каршы күрөш үчүн жалпы улуттук биригүүнүн күнү болоруна ишенимин билдиришкен. (BuS)