Ирактын инфраструктурасын кайрадан тикелөө үчүн беш жыл аралыгында 100 миллиард доллар керек. Бул тууралуу Ирак өкмөтүнүн төрагасы Али ал-Даббах Кувейтте өткөн донор өлкөлөрдүн жыйынында билидирди. АКШнын Ирактагы инспекторунун баяндамасында айтылгандай, Ирактагы зомбулук, коррупция жана бюрократиялык тоскоолдуктар өлкөнү өнүктүрүү аракеттерин жокко чыгарып жатат.