Түндүк Кореянын ядролук куралдары боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөр жакын арада кайрадан жанданат

БЭЖИН. Түндүк Кореянын ядролук куралдары боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөр жакын арада кайрадан жанданат. Бул жөнүндө Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү менен АКШнын атайын өкүлү Кристофер Хилл Бэжинде өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин маалымдашты. Хилдин айтымында Пхеньян сүйлөшүү стөлүнө алдын ала шарт койбостон кайрадан олтурууга макул болду.