Бүгүн Президенттин “Реформа үчүн» кыймыл лидерлери менен сүйлөшүү жүргүзүүсүнө байланыштуу парламент өлкөдөгү кырдаалды талкууну уланткан жок. Жогорку Кенештин төрагасы Марат Султановдун билдирүүсүнө караганда, депутаттар талкууну улантуу үчүн бейшембиде чогулушат.
Президент өлкөдөгү кырдаал жана конституциялык реформа боюнча парламентте дүйшөмбү күнү сөз сүйлөп, андан кийин депутаттар жарыш сөзгө чыга башташкан. Алгачкы күнү беш гана депутат сүйлөөгө үлгүрүп, дагы 41 депутат сөзгө жазылган бойдон калган. Регламентке ылайык талкууну шейшемби күнү, бүгүн улантуу белгиленген. Бирок шейшембиде саат ондо өкмөт үйүндө президент менен «Реформа үчүн» кыймыл лидерлери сүйлөшүү жүргүзүүсүнө байланыштуу парламентте талкуу үзгүлтүккө учурады. Депутаттардын көпчүлүгү түшкө чейин өкмөт үйүндө жүрүп жаткан сүйлөшүүнүн жыйынтыгын күтүү менен жүрүштү. Сессия убактысы бүтөөр алдында, саат бирге жакын Жогорку Кеңештин төрагасы мындай билдирүү жасады:
"Урматтуу депутаттар мен президент менен сүйлөштүм. Ал саат үчтө «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөлөрү менен консультацияны улантабыз дейт. Ошондуктан президент төртүнчү күнү талкууну улантууну сунуштады".
Маалыматка караганда, өкмөт үйүндөгү сүйлөшүүдө президент менен «Реформа үчүн» кыймыл компромисс табууга аракет жасалууда. Маселен, бийлик тараптан мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, президентик администрация башчысы Мыктыбек Абдылдаев, президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпиев, ал эми «Реформа үчүн» кыймылдан Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров жана Темир Сариев кирген жумушчу топ түзүлүп, алар конституциялык реформа боюнча бүгүн түштөн кийин кеңешүүлөрдү жүргүзөт.
Ал эми 1-ноябрда Бишкектеги тарых музейинде конституция долбоорлору боюнча парламенттик угуулар башталат. Бул тууралуу төрага Мурат Султанов бүгүн жарыялады:
"Эртең парламенттик угуулар болот.Сиздер да (депутаттар) келип, парламенттик угууларга катышып, эгерде конституциялык реформа боюнча кандайдыр бир варианттар болсо сунуштап, тездетүүгө аракет кылсаңыздар".
Төраганын айтымына караганда, бейшемби күнү сессия өз ишин улантат.