Президент Курманбек Бакиев кечээ Жогорку Кеңештеги сөзүндө оппозициянын коюп жаткан ар бир талабына өз жообун айтты. Өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча парламенттеги талкуу бүгүн да улантылары күтүлүүдө. Ушул маселелердин тегерегинде Жогорку Кеңештин депутаты, “Реформа үчүн” кыймылынын өкүлү Кубатбек Байболов “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.
- Президенттин кечээ парламентте сүйлөгөн сөзү өлкөдөгү саясий кырдаалга кандай таасир этиши мүмкүн?
- Өтө терс таасир калтырат деген ойдомун. Кечээги биздин жыйын президент үчүн дагы, реформаторлор үчүн да, жалпы калк үчүн дагы, мамлекет үчүн дагы өтө оор кырдаалды жөнгө салуунун бирден бир мүмкүнчүлүгү эле. Менин оюмча акыркы мүмкүнчүлүктөрдүн бири болчу. Анан кийин баягы эле эски нук менен кетип, күнөөлөгөн саясат, менимче, кырдаалга туура баа бере албай жаткандыгында го деп ойлойм.
- “Реформа үчүн” кыймылы ушинтип президент Бакиевдин, андан кийин чыгып сүйлөгөн өкмөт мүчөлөрүнүн айткандарына ынанган жок. 2-ноябрда митинг өткөрүү планы өзгөрүүсүз калды. Анда мурдагы талаптар коюлат деп айтсак болобу?
- Баягы эле талаптар болуп атпайбы негизинен. Талаптардын эң чордону бул Конституциялык реформа болуп жатпайбы. Карапайым элдин көпчүлүгүнө конституциялык реформа деген эмне экени түшүнүксүз, бүдөмүк болуп аткандыгына байланыштуу, мен жөнөкөйлөштүрүп айтайын. Өткөндөгү элдик революция деген кыймылдын эң негизги талабы, чордону бул мамлекеттеги жеке бийликти демонтаж кылып, жоюу болчу. Ал эми ошол жеке бийлик жоюлмактан, кайра ого бетер күчөп, гүлдөп өскөндүгүнө байланыштуу болуп атат. Конституциялык реформанын негизги мазмуну мына ошондо болуп атат.
- 2-ноябрдагы митингде экстремисттик аракеттер, атүгүл сөздөр да айтылбасын деген эскертүүлөр да айтылды парламентте. Депутаттарга бул ирет кол тийбестик укугу да жардам бербейт деген эскертүүлөр болду. Мыйзам боюнча кандай сөздөр экстремисттик деп бааланышы мүмкүн?
- Мыйзамда бардыгы көргөзүлгөн. Аны айтып отурсак көп сөз болуп кетиши мүмкүн. Маселен, 2005-жылдын 24-марттынын алдында деле ушундай акыбал болбоду беле, ошондо 10-15 миң киши чогулуп келип туруп бийликти алмаштырса, элдик революция болот да, азыркы нааразычылык билдирүүгө чыга турган элдики экстремизм болобу. Ошондуктан кылдатыраак мамиле кылуу керек. Ошондо дагы эсиңиздерде болсо мен эскерттим эле, бул эч кандай революция болбойт, жанагы эле азиялык бунт болот деп. Матрос Железняк кайрадан биздин босогого баш багып калбадыбы. Анан кийин азыр тигиндей болот, мындай болот деп бир беткей баа беришке болбой турат. Кырдаалдан чыгуунун бирден бир жолу конструктивдүү диалог.
Диалог деген 5-6 киши чогулуп алып кызмат бөлүштүрүү эмес, Конституциялык реформанын процессин президент баш болуп бүгүндөн баштап, кечээтен баштап отуруп чечкенге багыт алсак болмок. Конституциялык реформада чындап келсе 6-7 эле орчундуу жери бар, ошолор макулдашылса эле реформа тез эле бүтүп калчу нерсе. Чынында бербестин ашы бышпас болуп эле бүдөмүктө өтүп келе жатышпайбы.
- 2-ноябрдагы митинг тополоңго айланып кетиши мүмкүн деген сөздөрдөн улам элдер дагы чочулап тургансыйт. Митингге чейин саналуу 1-2 күн калды. Бул саясий кырдаалды жөнгө салуунун кандай жолу бар?
- Эң биринчи жолу, сүйлөшүү жолу. Сүйлөшүү жолу кызмат бөлүштүрүү эмес, конституциялык реформаны жеке бийликтин демонтажына отуруп башташ керек. Анан кийин эч нерсе жасалбай, чын ыклас көрүнбөй жатпайбы. Ошондуктан эгерде бүгүндөн баштап отуруп, реалдуу иш жүзүндөгү чечкиндүү кадамдар башталса, албетте митинг болобу, эмне болот маанай өзгөрүп башкача болот эле.
- Эми экономикага келсек. Президент Бакиев, премьер-министр Кулов экономикада олуттуу жылыш бар, эл бизге ыраазы болуп атат деп айтышпадыбы кечээ. Ошол эле маалда Муратбек Мукашев жана башка депутаттар чоң коррупциялык иштердин башын ачышты. Деги сиз кыргызстандык чоң ишкер катары айтсаңыз, экономикада өсүш барбы?
- Акаевдин учурундагы отчетторду эсиңиздерге салып кетейин. Акаевдин учурунда деле баланча өсүш болду, түкүнчө өсүш болду, жыргап өнүгүп атабыз дебеди беле. Бирок ошол цифралардын бары күнүмдүк жашап аткан карапайым элдин жашоосуна таасир бериш керек да. Ал эми иш жүзүндө акыбал мурункудан дагы оорлоп баратпайбы, анан кайдагы өсүш. Чындыгында экономикада өсүш жок да.
- Сиздер 2-ноябрдагы митингдин коопсуздугу тарабынан кандай иш чараларды көрүп жатасыздар?
- Мен ден-соолугума байланыштуу, бир ай чамасында операцияда болуп, катыша албай калдым. Германиядан бул жака келгениме 4 эле күн болду. Ошондуктан акы-чүкүсүн билбейт экемин. Ал тарабын башка уюштуруучулар билет.