Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Мухаммед эл-Барадей аталган уюм Ирандын өзөктүк программасынын тынчтык мүнөзүн ырастай албайт деп билдирди. Кечээ Нью-Йорк шаарында БУУнун башкы жыйынынында чыгып сөз сүйлөп жатып, эл-Барадей Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. БУУнун коопсуздук кеңеши Иранга каршы чектөөлөрдү киргизүү боюнча резолюциянын долбоорун кароодо.