Мароккодо өзөктүк террочулукту алдын алуу боюнча эл аралык конференция башталды

Кечээ Марокконун борбору Рабат шаарында өзөктүк террорчулукту алдын алуу боюнча эл аралык конференция башталды. Жыйынга катышып жаткан Британия,Кытай, Россия, АКШ, Франция, Австралия, Германия, Италия, Казакстан , Канада, Түркия жана Жапония мамлекеттери террорчуларга өзөктүк материалдарды алууга жол бербөө боюнча биргелешкен программаны иштеп чыгышууда. Аталган форум Россия жана АКШ президенттеринин демилгеси менен өтүп жатат.