Чилинин мурунку диктатору Аугусто Пиночет үй камагына алынды

Өткөн жумада сот 90 жаштагы Пиночетти адамдарды өлтүргөн, 1973-1990-жылдары “Вилла Грималди” деп аталган жашыруун түрмөдө кыйноолорду колдонгон деп айып койгон. Буга чейин, Пиночет ден-соолугунун начар абалына байланыштуу кылмыш жазасынан кутулуп келген.