9:00 Президент Курманбек Бакиев бүгүн Жогорку Кеңешке кайрадан барат

Парламенттеги кечээки талкуу бүтпөй калганына байланыштуу президент Жогорку Кеңешке бүгүн да келээрин төрага Марат Султановко айтканын «Азаттыкка» депутат Мелис Эшимканов билдирди. Кечээ парламентте сүйлөгөн сөзүндө өлкө башчысы оппозиция өкүлдөрүн бүгүн эртең менен жолугушууга чакырган эле. Курманбек Бакиевдин парламентке кайрадан бараарын президенттин маалымат кызматынан да тастыкташып, оппозиция менен жолугушуу болоор-болбосу бүгүн белгилүү болоорун билдиришти. (SM)