Соңку кабарларга караганда, НАТОнун жана Ооганстандын аскерлери өлкөнүн түштүк аймагында козголоңчулардын ири тобу менен салгылашты. Уруш Орузган вилайетинин Тарин Ковт жергесинде жүрдү. НАТО жана ооган жоокерлери аскер базасына кол салган жоочулар тобунун чабуулунун мизин майтарды. Ал эми НАТОнун баш командачысы, АКШ генералы Жеймс Жонс өткөн аптада НАТО аскерлеринин бомбалоосунун айынан карапайым оогандардын өмүрү кыйылгандыгы үчүн президент Хамид Карзайдан кечирим сурады.
НАТОнун Ооганстандагы аскер тобунун басма сөз өкүлүнүн айтымында, 28-октябрда 150дөй козголоңчу Орузган вилайетинин Тарин Ковт жергесинде жайгашкан НАТО аскер базасына кол салган. Бир нече саатка созулган айыгышкан салгылашуунун жүрүшүндө кол салгандардын бир далайы набыт болду жана чабуулдун мизи майтарылды.
Бул тууралуу майор Лук Книттиг (Luke Knittig) мырза “Азаттыкка” мындай деп айтты:
- НАТО аскерлери жүз элүүдөй козголоңчуну аткылоого алды. Козголоңчулар Орузган вилайетинин түндүгүнөн баш паана табууну максат кылган. Аларды аткылаган соң, эсептеп көрсөк, жетимиштен ашуун козголоңчуну жок кылган экенбиз.
НАТОнун Ооганстандагы басма сөз өкүлүнүн маалыматын башка көз каранды эмес булактар аркылуу тастыктоого азырынча мүмкүн болгон жок.
Ооганстандагы талиптер режими 2001-жылдын соңунда америкалык аскерлердин басып киришинин натыйжасында ойрон болгондон бери өлкөнүн түштүк аймактары кайрадан кырчылдашкан салгылашуулар кезеңин баштан кечирүүдө.
24-октябрда өлкө түштүгүндөгү Кандагар вилайетинде НАТО аскерлери талиптерге каршы аскердик өнөктүк жүргүзгөн чакта, жергиликтүү калайыктын бир далай кишиси набыт болду. НАТО тарап өмүрүнөн ажыраган бейкүнөө кишилердин санын 12 деп көрсөтүүдө, ал эми башка булактар болсо 60тан ашуун карапайым оогандык набыт болду деп маалымдоодо.
НАТОнун баш командачысы, америкалык деңизчи аскер генералы Жеймс Жонс (James Jones) мырза өткөн ишембиде (28-октябрда) Кабул шаарында президент Хамид Карзай менен кезигишип, бейкүнөө набыт болгондор үчүн кечирим сурады жана уруш кырдаалында ойдо жок жагдайлар келип чыгып жатканына кейигендигин билдирди:
- Кээде, салгылашуунун курчуган маалында, - биз “согуштун жөө туманы” деп атаган кырдаалда, - түн ортосу болуп калган чакта кимди мелжеп жатканыңды да айрып тааный албай калган учуруң болот. Ошондуктан эгерде кайсы-бир бейкүнөө кишилер окко учса же жаракат алган болсо, албетте, бул окуя өкүнүч туудурат жана андай окуяны тергөөгө алуу зарыл.
НАТОнун баш командачысынын айтымында, ооган аскерлери дагы эле чабалдык кылууда, ошондуктан НАТОго мүчө өлкөлөр өз аскерлерин жоочулар менен кагылышуулар тез-тез орун алып жаткан аймактарга көбүрөөк жайгаштыруусу абзел.
Ал эми Италиянын тышкы иштер министри Массимо Д’ Алема өзүнүн жаңыдан жарык көрүп жаткан китебинде “АКШ Иракка көбүрөөк көңүл буруп, ооган окуяларын көз жаздымда калтырып жатат” деп Вашингтонду сынга алды.
Анын оюнча, НАТО мүчөлөрү, Бириккен Улуттар Уюму жана оогандарга коңшу өлкөлөр Ооганстандагы кырдаалды талкуулоо үчүн чукул жыйын өткөрүүсү керек.