Париж шаарынын полициясы алдыңкы даярдыкка келтирилиди

Париж шаарынын полициясы кечээ күнү жогорку даярдыкка келтирилиди, анткени былтыр шаар чет-жакаларында башталган тополоңдордун бир жылдыгы белгиленип жатканда жаңы чатактар чыгышы мүмкүн. Былтыркы тополоң - эки жаш жигит полиция тарабынан өлтүрүлгөндөн чыккан, кечээ күнү Париждин ошол аймактарында бир миңге жакын адам демонстрация өткөрүп, каза болгондорду эскерди. Түндө Парижде эки автобус өрттөлдү.