14:00 Эрнис Докенов митингке беш миң адамды алып чыгат деген маалымат жалган

Темир жолчулардын профсоюз бирикмесинин жетекчиси Эрнис Докеновдун айтымында, аны “Белый пароход” гезити 2-ноябрдагы митингиге беш миң адамды алып чыгат деп жалган маалымат тараткан. Митингке катышуу же катышпоо темир жолчулардын өз эрки. Бирок, Эрнис Докенов жеке ѳзү “Реформа үчүн” кыймылын колдоп, митингге барат.