Тажик президенти Рахмонов 6-ноябрда өтө турган шайлоодо жеңишке ээ болушу күтүлүүдө

Бул тууралуу борбор азиялык эксперттер АКШ Конгрессинини Хелсинки комиссиясынын 26-октябрда өткөн жыйынында чыгып сүйлөп жатып билдирди. Алар Рахмонов Тажикстанда туруктуулукту сактап турганын белгилешип, бирок анын оппозицияга кысым көрсөтүп жатканын сынга алышты.