Азербайжанда чет элдик программаларды уктурууга тыюу салынды

Келерки жылдан тартып улуттук телерадио берүүлөр аркылуу “БиБиСи”, “Америка добушу” жана “Эркин Европа/Азаттык” радиолорунун программмаларын уктурууну токтотуу тууралуу бийликтин чечимин азербайжандык укук коргоочулар сынга алышты.
"Журналисттердин коопсуздугу жана эркиндиги институту" муну көз карандысыз журналисттердин жана маалымат каражаттардын оозун жабуу аракети катары баалады.