9:00 Кыргызстанга Германия тышкы иштер министри келатат

Германия Кыргызстанга 16 миллион евро гранттык жардам көрсөтмөй болду. Буга байланышкан макулдашууга бүгүн Бишкектин каржы министрлигинде кол коюшуу болору күтүлүүдө. Ал эми 3-ноябрда Бишкекке эки күндүк иш сапары менен Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер келгени жатат. BuS)