Отурумга өнөр жай, соода жана туризм министри Медетбек Керимкулов баштаган өкмөттүк делегация катышып келди. Өзбекстан жаңы жылдан баштап Кыргызстанга газдын миң кубун жүз доллардан сатууну болжоп жатканын 10-октябрда кабарлаган. Учурда Кыргыз тарап «Узтрансгаздан» газды 55 доллардан сатып алып жатат. (BuS)