"ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОРДУН" МЕЙМАНЫ - ДАНИЯР ҮСӨНОВ

- Саламатсыздарбы! Мамлекеттик биринчи канал менен “Азаттык” үналгысынын биргелешкен “Ыңгайсыз суроолор” көрсөтүүсү назарыңыздарда. 18-октябрда биз оппозициянын өкүлү болгон депутат Мелис Эшимкановду чакырган учурда айттык элек – кийинки жолу «Ыңгайсыз суроолорго» биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнөв же болбосо мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров келип берсе жакшы болот эле деп. Анткени бийлик тараптын дагы пикирин уксак дегенбиз. Бүгүн алгач Адахан Мадумаров “Ыңгайсыз суроолорго” келет деген сөз болду эле, кийин Ак үйдөн Данияр Токтогулович Үсөнов өзү келип отурат. Учурда саясатта абал татаал экендиги белгилүү, экономикада деле абал жакшы эмес. Бүгүн ошол суроолорго биз жооп берет деген үмүт менен Данияр мырза менен маектешебиз.
- Данияр мырза, 12-октябрда бийлик, оппозиция жана атуулдук коомдун өкүлдөрү чогулган бир жыйын өттү - Улуттук экинчи форум деген. Мына ошондо чыгып сиз өзүңүздүн сунушуңузду айттыңыз эле, 2-ноябрга чейин бийлик менен оппозиция тирешпей, кайсы бир форматта болсо дагы сүйлөшөлү деген. Бирок мына 21-октябрда президент Курманбек Бакиев менен оппозициянын ортосундагы сүйлөшүүлөр болбой калды, ал үзгүлтүккө учурады. “Реформа үчүн” кыймыл бийликке 5 талап коймок экен. Ошол 5 талап менен тааныштыңыз болуш керек. Талаптардын кайсынысы жөндүү, кайсынысы жөнсүз деген пикирдесиз?

- Мен бүгүн силердин ыңгайсыз суроолоруңарга жооп берейин деген позиция менен келдим. Бирок мен жообумду башка жагынан баштайын. Биринчиден, мен сиздин “экономикада, саясатта бардыгы жаман, биз ушундай кырдаалга келип такалып калдык, эми ушуну чечпесек эртең жамандык болот”, деген позицияңызга мен макул эмесмин...

- Данияр мырза, анда мен дароо айтып кетейин, кышка камылга көрүш үчүн 20 млн. доллар керек деп, акча издеп жатасыздар. Газдын баасын болсо Өзбекстан эки эсе көтөргөнү жатат, бүгүнкү күндө канча тонна көмүр казылды? Бишкек ТЭЦин, элди көмүр менен камсыздоо канча пайызга аткарылды?..

- Анда мындай кылалы, сиз сурооңуздун баарын бериңиз, анан мен жооп берейин...

- Суроону биз бирден беребиз, сиз азыр айтып атасыз - экономикада бары жакшы деп, мен айтып атам - азыр 20 млн. доллар издеп атасыздар кыштан чыгыш үчүн деп, Газдын баасы эки эсеге көтөрүлүп атат. ТЭЦ көмүр менен толук камсыз боло элек, туурабы?

- Мен биринчиден “баары жакшы” деп айткан жокмун. Сиз бүт бардыгы жаман деп атасыз, саясий кырдаал татаал, экономика өлдү деп атасыз. Ошон үчүн мен макул эмесмин...

- Мен баары жаман деп айткан жокмун. Мен саясатта дагы, экономикада дагы абал татаал деп жатам...

- Мына быйыл былтыркы 24-марттын бир жылдыгы болот, митинг чогултабыз, бардыгы жаман деп чыгабыз, элди көтөрөбүз, барын талкалайбыз деген убадалар болгон. Ал 2006-жылдын 24-марты деле өттү. Ооба, бир миң, бир жарым миң адам чогулуп, өз ой-пикирин айтты. Бул - эч нерсе эмес, бул нормалдуу позиция демократиялык принциптерди кармаган өлкөгө. Бир ай өтпөй эле - 29-апрелде элдин баары аянтка чыгат, 20-50 миң адам катышаи, биз мындай-тигиндей талапты коебуз, деп такылдатып барын коркутуп келатышкан. Ал күн да өттү - 2 миң адам чыгып, айта турган сөздөрүн айтты. Дагы бир ай өтпөй, 27-майда чыгабыз дешти. Чыгышты анда дагы. Анан Кудай жалгап Конституция боюнча парламенттин каникулу бар экен, 2-3 ай тынчып калды. Ар бир мекеме, ар бир завод өзүнүн жумушу менен алышып, өзүнүн тиричилигин чечти ал жай айларында. 1-сентябрга чейин баары тынч болду. Андан кийин каникулдан бул эр-азаматтар келишти, “17-сентябрда эми Бозпиекте көрсөтөбүз” дешти. 800-1000 киши чогулуп өзүнүн бир топ туура талаптарын айтышты. Эми мына 2-ноябрь деп атабыз, ал күн деле өтөт. Бул адамдар өздөрүнүн ойлорун ачык айтып, чогулуп, ошону талкуулаганга акысы бар. Менин оюмча бул бийликтин жетишкендиги, демократиянын принциби. Бул – бир. Экинчиси, маалыматтарды дагы бурмалабай айтыш керек. Биз буга чейин кышка даярдык боюнча 6 жыйын өткөрдүк. Бүгүнкү күнгө кышка даярдык эң артта калды делген райондордо 84 пайыз, эң жакшы келаткан Бишкек шаарында 96 пайыз. Ноябрдын ортосуна чейин мектептерди, ооурканаларды көмүр менен, газ менен камсыздоо планы 100 пайызга аткарылат. Быйыл казыла турган 70 миң тонна көмүрдөн 22 миң тонна көмүр 1-сентябрга карата казылган. Каракечедеги 5 компаниянын лицензиясын кайра калыбына келтирип бердик. Бишкек ТЭЦи көмүр менен 80 пайызга, мазут 90 пайызга камсыз болду, калган 10 пайызын биз жакында бүтүрөбүз. Бүгүн алыскы тоолордогу биздин чегарачылар көмүр менен 100 пайызга камсыз болду. Ошон үчүн бул жагынан да баары жаман дегенге мен кошула албайм...

- Ошондой эле болсун. Менин суроом мындай - “Реформа үчүн” кыймылдын биринчи талабы президент баштаган бийлик Конституциялык реформа жасасын деп атышат. Сиз ушуга макулсузбу, макул эмессизби?

- Макулмун. Буга эч кандай карама-каршы позиция жок. Өзүңөр билесиңер, президент конституциялык кеңешме чогулткан. Биринчи этапта жүз киши деген. Жаккан жок, 150 киши кылдык, аны да көбөйтөлү деп 200 киши болду.

- Эң аягында 400дөй киши чогултулган...

- 300 кишиден ашык болуп калды. Ал конституциялык жыйын бир топ жакшы идеяларды топтогон. Андан кийин бул жагы бүттү, дагы бир формада иштеп көрөлү, профессионалдуу бир топ түзүп, ошолор 2-3 вариантты карасын делген. Макул, муну Азимбек Бекназаров башкарсын деп, президент жарлык чыгарды. Ошол боюнча бул комиссия 3 ай иштеди. Үч варианты даяр. 15-сентябрда бул үч долбоорду парламентке (президенттик) администрациянын атынан жиберишти. Эми парламенттик талкуу болсо дагы бир кандай жакшы ойлор пайда болсо аларды да угалы деп. Акыркы вариантты өзүнүн сентябрдагы кайрылуусунда президент айтты, мен биринчиден форманы силер менен аныктайын, президенттик, аралаш, парламенттик республика болобу же жокпу деп. Ошол маселени чечкенден кийин мен ошол долбоорду силерге киргизем деди. Ошол боюнча баратабыз. 4-кварталда - декабрь айында бул маселелер чечилиш керек. Эми азыр айтып атышат оппозиция - эч нерсе түшүнүксүз, эч ким эч нерсе чечпей жатат, эч нерсе болбой жатат, деп. Бул, менин оюмча, туура эмес.

- 21-октябрда президент Курманбек Бакиев оппозиция өкүлдөрү менен жолукпай калгандан кийин 4 укук коргоочуну кабыл алганда айтыптыр, оппозиция талап кылып аткан былтыр 2005-жылы июнь айында басма сөзгө жарыяланган, биринчи Конституциялык кеңешме сунуш кылган долбоорду парламентке сунуштаганга даярмын деп. Оппозициянын экинчи бир талабы - коалициялык өкмөт түзүш керек деп атат. Сиз ушуга кандай карайсыз?

- Биринчиден, коалициялык эмес, элдик өкмөт деп атат. Тактап айталы. Себеби бүгүн бизде саясаттын көбү ушак менен кетип атат, тиги тигини айтты, бул муну айтты деп. Сиз жакшы билесиз, бир топ суроолор мисалы мени такыр эле кызыктырбайт. Себеби менин оюмча, Кыргызстандын саясаты экономика болуш керек. Качан гана биздин чөнтөгүбүздө акча пайда болуп, экономикабыз иштеп калганда ошондо көп маселелер чечилип калат. Бул оппозиция коюп жаткан 5 талап тең 100% саясат. Мына өкмөткө келели, президентти элдин 90% шайлаган, 75 депутатты дагы эл шайлаган. Эл шайлаган президент өкмөттү сунуштады, эл шайлаган депутаттар бул өкмөттү бекитти. Бүгүнкү өкмөт эмне, элдин ишенүүсү жок өкмөтпү?..

- Ишенимди актай албай жатат деп айтып жатышпайбы?

- Ким айтып жатат?

- “Реформа үчүн” кыймыл айтып жатат?

- Беш киши айтып жатат аны...

- 22-сентябрда парламентте токтом кабыл алган, ошол жерде да көрсөтүлгөн бул маселе...

- Президенттин укугу барбы элдин атынан сүйлөгөнгө? Бар – анткени элдин атынан чечип атат. Себеби эл ага укукту берди. Парламенттин укугу барбы, элдин атынан чечкенге. Ошол элдин атынан элдик өкмөттү шайлашты. Ошол кыйкырып талап коюп аткан 7 кишинин элдин атынан сүйлөгөнгө укугу барбы?

- Менимче, бар, анткени алар дагы депутаттар...

- Сиздин оюңуз мага түшүнүктү, мен да өзүмдүн оюмду айтып кетейин. Эмне үчүн мен айтып атам, саясий суроолор болуп атат деп. Себеби артында саясий талап турат...

- Данияр мырза, кадырыңыз жан болсун, оппозициянын 5 талабы тең саясат эмес, ал жерде экономикалык да маселелер бар. “Реформа үчүн” кыймыл коюп жаткан талаптардын бешинчиси Аскар Акаевге таандык делген мүлктөрдү мамлекеттин колуна өткөрүп берсин деп жатат бийликти. Сиз өзүңүз мурда биринчи жолу вице премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп турганда комиссия түздүңүздөр эле Акаевдин мүлкүн аныктоо боюнча. Ошол жерде толтура тизме чыккан. Мурда баш прокурор болуп иштеген Бекназаров айтып атат “мына ошол мүлктөр бүгүн бир кишинин колунан экинчи кишинин колуна эле өттү, эч нерсе өзгөргөн жок” деп. Мына ушул жерде саясат барбы же жокпу?

- Комиссиядан баштайлы. Сиз туура айтып атасыз, президенттин жарлыгы менен ошол комиссия түзүлгөн. Бакиевдин демилгеси менен ошол маселелер коюлган. Комиссия бир жарым ай иштеп, өзүнүн жыйынтыгын чыгарып, өкмөткө, президентке, парламентке отчетун берген. Комиссиянын эң негизги талабы - саясий баа берүү болчу. Аскар Акаевдин үй-бүлөсү экономикага киришкенби же жокпу, революциянын алдында “МСНге” 42 мекеме Акаевдерге таандык деп чыккан, ошолорго Акаевдин тиешеси барбы же жокпу, мамлекеттин бюджетинин акчасынын эсебинен “Мээримге” же башка объектилерге акча бөлүнгөнбү же жокпу? Биз бул суроолор боюнча жыйынтыгын бергенбиз. Бул боюнча бир эмес он жолу айтканбыз. Менин оюмча ушул кыймыл эле билбей калба, калгандардын баары билет, ошол маалыматты уккан, гезиттерге 2-3 барак болуп басылган. Ошол кезде прокурор болгон Азимбек Бекназаров биздин комиссиянын мүчөсү болчу. Биздин акыркы жыйынтыкты колуна алып, прокурор катары материалдардын баарын комиссиядан алып алган. Ошол киши кылмыш иштерин козгогон. Ал иштин бир тобу аягына чыкты, бир тобу сотко кетти, бир тобу боюнча тергөө жүрүп атат. Мунун жолу - укуктук жол. Себеби тергөө бүтүш керек, анан кийин соттун чечими чыгыш керек. Ошон үчүн Акаевдин мүлктөрү бирөөнүн колунан эле башка бирөөнүн колуна өттү деген менин оюмча, бул - кур сөз…

- “Мегаком” боюнча айталы, анын артында кимдер турат бүгүнкү учурда?

- Мен билбейм...

- Сиз биринчи вице премьер - билбейсиз, анда эл да билбейт экен да, маселе ушунда болуп атпайбы?..

- Сиз кандай деп ойлойсуз?..

- Мен билбейм, ошон үчүн мен сизден сурап атам, анткени сиздин колуңузда документ болуш керек, сиз өкмөттүн мүчөсүсүз?..

- Өкмөттө “Мегаком” боюнча талаш-тартыш маселе жок. “Мегаком” бүгүн лицензия менен иштеп атат, салык төлөп атат...

- Монополисттикке умтулуп баратат да эми...

- Сизде “Мегакомго” сурооңуз бар экен, айтыңыз кандай сурооңуз бар?..

- Мен болгону тактап коеюн дедим ал компания кимге таандык экенин?..

- Монополист деп атасыз, “Бителде” бүгүнкү күнү канча абонент бар?

- 300 миңден 500 миңге чейин абоненти болсо керек...

- 570 миң. “Мегакомдо” 80 миң, “Кателде” 100 миң абонент бар. Анан кантип эле “Мегаком” монополист болуп калсын. Сиз ошондой көз караш менен айтып атасыз...

- Лицензия берүүнүн шарттарын айтып атабыз, мамлекетке “Мегакомго” лицензия берүүдөн канча акча түштү?..

- Бүгүнкү күнү бизде “Мегакомдон” тышкары 7 компания бар. Бардыгы парламент, өкмөт бекиткен эреже менен лицензияларды алган.

- Данияр мырза, сиз айтып атасыз экономика жөнүндө сүйлөшөлү деп. Макул, ошондой кылалы, мына сиз айттыңыз эле - Кызылкыядагы цемент заводу 2006-жылы иштей баштайт, анын үзүрүн көрөбүз деп. Кызылкыядагы цемент заводуна азыр эки компания атсалышып атат. Өткөндө Өмүрбек Текебаев Улуттук экинчи форумда айтты “кыргыз бийлиги Москвага барып В.Путин менен кучакташып өбүшүп, бизнесмендерди чакырат. Ошол эле убакта биринчи вице-премьер министр Данияр Үсөнов Кытайдан келген компанияны сүрөмөлөп, ошолорду коргоп, орустардан келген компанияга бут тосуп атат” деди. Буга эмне дейсиз? Саясаты жок сүйлөшөлү дейсиз, макул, анда экономика жөнүндө сүйлөшөлүчү?

- Чындыгында эле кадрлар уядан эмнени көрсө ошону үйрөнүп, кийин ошону колдонот деген чын экен. Мына сиз “Асабада” көп жыл иштеп, эми “Ыңгайсыз суроолорду” ушак позицияда берип жатасыз...

-“Асабага” Аскар Акаев сизди тепкилеп аткан убакта, “Эриданды” жаап аткан убакта далай жолу мен өз колум менен сизди коргоп, бир далай макалаларды жазгам. “Асабага” эми сөз тийгизбей эле коёлу. Менин өткөнүмө сөз тийгизбей эле коёлу...

- Кубат, эртең бизде орозо айт. Бүгүн дүйшөмбү күн - берүүнү жазып атабыз. Сиз мен келгенде эле дарылдап сүйлөп атасыз. Кечиримдүү болуп, кичине өйдөрөк болуп, ушакты айтпай... Сиз мага берген суроолор түп-тамырынан бери платформасы ушактын негизинде туулуп атат. Ошон үчүн айтып атам...

- Өмүрбек Текебаев ушакты айтып атабы анда?..

- Сиз ушакты айтып атасыз, анын сөзүн кайталап. Биринчиден, бул тапшырманы президент Бакиев Шанхай кызматташтык уюмун пайдаланып, ал кредиттин эсебинен биз үч долбоор түзөлү, бирөөсү Кызылкыядагы цемент заводу болсун, деп аны мага тапшырган. Бул июнь айы болчу. Октябрда долбоордун мазмуну даяр болуп, аны биз өкмөткө, президентке сунуш кылдык. Ошону декабрда токтом менен бекитти. Негизинен бизде компанияларды түзүш үчүн өкмөттүн токтомунун кереги жок. Эмне үчүн бул компания боюнча өкмөттүн токтому чыкты? Себеби акчаны Кытайдын өкмөтү өзүнүн токтому менен бөлүп берип атат. Ошонун эрежеси Кыргызстанда кандай болушун кыргыз өкмөтү өзүнүн токтому менен бекитиши керек болду. Ага жооптуу орган болуп каржы министрлиги Кыргызстанда дайындалды. Курманбек Салиевич ошол завод курулсун деген ой менен демилге көтөрүп, тапшырма берген. 2006-жылдын биринчи кварталынан калбай заводдун курулушу башталсын деген. 25-мартта элдин батасын алып, Кудай буюрса деп заводдун жумушун баштадык. Тилекке каршы 27-мартта өнөр жай жана соода министри Алмаз Атамбаевдин сунушу менен ал жерге экинчи бир “Аксай” заводу деп аталган заводго өкмөттүн дагы бир токтому чыкты. Эки токтом бири-бири менен карама-каршы болуп, эки курулуш тең алдыга жылбай токтоп калды. Себеби эки завод бтең иштесе алардын кубаттуулугу 4 млн. Тонна болмок. Ал эми Жалалабат, Баткен, Ош - үч облустун керектөөсү 350 миң тонна гана...

- Балким ошондо цемент арзандайт беле?

- Эми мен сизди журналисттик ыкмаларга үйрөтпөйм. Ал эми экономика жагын мен сизге айтып берейин... Керектөөбүз 350 миң тонна гана болсо, эмне үчүн 4 млн. тонна чыга турган эки завод курушубуз керек...

- Кантип чечиш керек эми маселени? Сиз азыр өкмөттүн мүчөсүсүз, Алмаз Атамбаев болсо кетти кызматтан...

- Ошону менен эки завод тең курулбай турат. Менимче, бул атайын жасалган. Дагы бир токтомду чыгаралы, муну Текебаев көтөрсүн, чыр-чатак чыгарсын деген ой болгон. Ошого булар баратат. Биз эми ушунчалык аракет көрүшүбүз керек, жок дегенде бир завод куруш керек. Ушул позиция менен иштеп атабыз. Андай чараны эми өкмөт көрдү, эми бир гана завод курулмак болду...

- Экинчи тараптын лицензиясы жокко чыгарылдыбы?

- Кеп лицензияда эмес, лицензия экөөндө тең бар. Токтомдо эмне жазылганын билесизби? Көрсөтүү даярдап, мага суроо берип атасыз. Өзүңүз Текебаевдин сөзү менен уруп атасыз. Себеби сизге заводдун кереги жок, сизге чыр-чатак, чуу керек. Бүгүнкү биздин эң негизги катабыз ушул. Кыргызга кыргыз душман болуп атпайбы. Бизди казак же кытай жамандаган жок, биз бири-бирибизди жамандап атабыз...

- Данияр мырза, кеп айткан сөздөрүбүзгө эмне үчүн турбай атабыз деген эле маселеде болуп атат?

- Кайсы сөзгө?

- Сиз айттыңыз эле цемент заводу иштей баштайт жакында деп?

- Мындай дейли, Сариев, Текебаев, Эшимканов жана башкалар мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгын көбөйткөнгө, Кыргызстанга миң трактордун келгенине, банк системасынын резервдери 40% өскөнгө, бүгүн миң чакырым жол долбоорлонуп, ошонун 600 чакырымы бүткөнгө алардын канча салымы бар?

-Бишкек-Торугарт жолу качан оңолот, ушуну айтыңызчы анда?..

- Бишкек-Торугарт жолу боюнча мен Кытайга барып келишимдерге кол коюп келдим. Бишкек-Торугарт, Ош-Эркештам жолун Кудай буюрса, техника-экономикалык негиздемесин иштеп, Кытайдан келчү темир жолду баштайлы деп атабыз. 4 күн Кытайда жүрүп, 6 эларалык каржы уюмдары менен, Кытайдын вице-премьери, Кытайдын каржы министри менен жолугуп, Үрүмчүдө чоң конференцияда болуп келдим. Келсем эле силердин мага берген сурооңор ушул болуп атат.

- Данияр мырза, сиз Аскар Акаевдин тушунда катуу куугунтук жедиңиз эле. Эки жүздөн ашык ирет сотту баштан кечирдиңиз. “Эридан” деген чоң компания бар эле, ал талкаланды. Ошонун бардыгы бийликтин, Аскар Акаевдин туура эмес саясатынан улам келип чыкты дедик эле. Бүгүн Аскар Акаев жок, бирок системасы калды дейт. Ушуга эмне дейсиз?

- Ошондой болсо дагы биз Аскар Акаевге чарчабай, күн сайын, ай сайын, жыл сайын программаларыбызды 40-80 баракка жазып берчүбүз.

-Азыркы оппозицияныкы жокпу?

- Мен бир жарым жылдан бери бир да сунушту уга элекмин. Экинчиден, элди көчөгө чыгаралы, митинг уюштуралы деген оюбузга да келчү эмес. Биз парламенттин ичинде мыйзам аркылуу, прогармма аркылуу идеаларыбызды жылдырчубуз. Бүгүн силер айтып атасыңар экономикада эч кандай өзгөрүү жок деп. Анда бүгүнкү кошумча акчалар бюджетке кайдан түшүп атат. Биз бюджеттин 1-сентябрга карата кандай аткарылганын карайлы, тогуз айдын жыйынтыгы боюнча план аткарылдыбы?

- Кирешени айтып атасызбы? Салык чогултуу планы аткарылды.

- Канча пайызга аткарылды?

- Мен билбейм аны.

- 100 пайызга аткарылып, пландан тышкары 1 млрд. 300 млн. сом кошумча акча түштү.

- Бул акчалар кайдан түшүп атат?

- 1 млрд. сом 100 бажыканадан, 211 млн. сом салыктан. Эми менин суроом - экономика өспөй, баары өлүп атса, кирешелер кайдан түшүп атат, асмандан түшүп атабы?

- Сырттан товар ташып келүү көбөйүп атат, биздин экспорт болсо азайып атат, импорт көбөйүп жатат. Бул өсүштү түшүндүрбөйт да...

-Абдан жакшы, абдан жакшы... Импорт менен экспорттун айырмасын жаба турган биздин резервдер бар. Улуттук банктын резерви мурдагы жылы канча болду эле? Мен сизге жардам берип коеюн - 521 млн. доллар болгон. Быйыл канча болду? 738 млн.доллар болду. Бул акчалар кайдан пайда болуп атат?

- Экономисттерде мындай маалыматтар бар...

- Кайсы экономист, аттарын айта аласызбы? Каржы министри болом деп жүргөн Темир Сариевби?..

- Жок, ошол акчалардын бардыгынын көбөйгөнүнүн себеби - бул четте иштеп жүргөн кыргызстандыктар жөнөткөн акчалар деп атышат. Алар жөнөтүп жаткан акчалардын көлөмүнүн өскөнүн сиз жакшы билесиз да...

- Революцияга чейин четте жүргөн эр-азаматтар Кыргызстанга канча акча жиберчү эле?

- Бирок ал Кыргыз өкмөтүнүн ийгилиги эмес да, кыргыз өкмөтүнүн жеңиши эмес да бул...

- Азыр канча жиберип атат? Сиз айтып атпайсызбы, ошолордун акчасы көбөйүп жатат деп. Сиз канча акча экенин билбесеңиз, кантип айтып атасыз?..

-Болжол менен 400 млн. доллар...

- Ал акча бюджеттин эсебине кирбейт. Ал акча өздөрүнүн үй-бүлөсүнө жиберген акча.

-Данияр мырза, ал үй-бүлөлөр кайра ал акчаларды кыргыз экономикасына салып жатат да, үй, машина сатып алат, алардан болсо салык түшөт, Кыргызстандын ичинде калып жатат да...

- Эл угуп атат, Кубат мырза, жалпак тил менен сүйлөшөлү, экономикалык терминди мен сизден сурабайм. Ички дүн продукцияга эмнелер кирет? Бүт баары кире береби? Ички дүң продукция деген бул кошумча нарк. Мен сизге түшүндүрүп берейин. Мынабу ручка бир сом турса, сиз буга дагы 1 сомдук жумуш жасап, сап жасап койсонуз, ал жалпысынан үч сом турат. Бирок ички дүң продукцияга ал үч сом деп кирбейт. Сиз жасаган 1 сомдук жумушуңуз ички дүң продукцияга кирет. Ошон үчүн сырттан келген ал акчалар ички дүң продукцияга кирбейт, Кубат мырза...

-Ошол четтен келген акчалар айланып, тегеренип келип эле кыргыз экономикасына кошулуп атат да, мен ошону айтып жатам...

- Бирөөнүн ушактарынын негизинде өзүңүздүн сурооңузду түзгөн туура эмес. Мына сизге окшогон журналисттин жакында Аблязовго берген суроосун алалы. Мухтар Аблязов Казакстандагы эле эмес, КМШдагы эң чоң банктын башчысы. Ал Кыргызстанга келип “мен Кыргызстанга инвестиция салайын” деп жатам деп маалымат жыйынын өткөрдү. Ошондо кыргыз журналисттери ага кубангандан эмес, башка ой менен “Мухтар Кабылович, сиз эмне кылып атасыз, сиз эмне үчүн Кыргызстанга акча инвестициялап жатасыз, акчам күйүп кетет, ит болуп калам” деп коркойсузбу” деп суроо берип атат. Ал кыргыз ата-мекенибиз жакшы болсун деп күйүп атабы, же бул жакка эч ким келбесин деп күйүп атабы? Сиз эмнеге күйүп атасыз? Атамекенге күйүп атасызбы, же оппозиция менен бийликтин ортосунда чыр-чатак боло берсин, менин көрсөтүүм гүлдөсүн, дайыма көрөрмандары көп болсун деп күйүп атасызбы? Кубат мырза, сиз эмнеге күйүп атасыз?..

-Данияр мырза, сиз деле бир кезде азыр сиз жамандап аткан оппозициянын катарында жүргөнсүз. Ошондо деле “Асаба” аркылуу биз “байкуш Данияр Үсөнов туура эмес тепки жеп атат ушул Аскар Акаевден!” деп, ошондо биз деле сиздин үнүңүздү чыгарганбыз, интервьюларыңызды жарыялаганбыз. Азыр абал ошондой эле болуп турат. Тарых кайталанып атат. Биз каалаган жокпуз чыр-чатакты, чыр-чатакты өзүңөр каалап, жасап атасыңар...

- Мен тарых кайталанып жатат дегенге макул эмесмин. Себеби өкмөттүн баардык мүчөлөрү Улуттук форумга барып катышты го...

-Жыйынтык болгон жок да андан?..

- Сиз кызык экенсиз. Уксаңыз, кулак салсаңыз. Дагы бир жолу айтам - орозо маалында сүйлөшүп отурабыз. Бир Кыргызстандын элибиз, бөлө турган эч нерсе жок. Бул Кыргызстандагы маселени биз чечпесек ким чечет, аны казактар, же кытайлар чечип кетеби деген маселени айтып форумда сөз сүйлөдүм. Терегек стол болобу, төрт бурчтуу стол болобу - айырмасы жок, отуралы, чечилбеген, айтылбаган маселелер бар болсо ортого коёлу, анын эң жакшы вариантын алып чечели. Чечилбеген маселелер толтура, Кумтөрдүн маселесин чечиш керек, жолдорду куруш керек, телефонду чечиш керек, Жерүй менен Талдыбулактын маселесин чечиш керек, Караван, Кызылкыя, Баткен, Исфанага учпаган самолетторду учуруш керек, Кытайга жүрбөгөн поезддерди жүргүзүш керек, виза менен Өзбекстанга каттаганды токтотуш керек, газ, электр энергиясы, суу маселесин да чечиш керек, бюджетти көбөйтүш керек, айлыкты эки эсе көбөйтүш керек деген талаптарды коюп, ошону талкуулап, талашып чечиш керек деп атам мен...

- Сиздин позицияңыз түшүнүктү болду. Сиз жалаң экономика боюнча гана талашып-тартышкыңыз келет экен...

- Кызматым ушундай...

- Ишиңизде ийгилик болсун. Бизге бөлүнгөн убакыт соңуна чыкты. Келгениңиз үчүн, сиздин позицияңыз үчүн, сиздин мага каршы берген суроолоруңуз үчүн чоң ырахмат. Биздин маек өтө кызыктуу болду деген ойдомун. Урматтуу телекөрүүчүлөр, сиздер азыр күбө болгондой «Ыңгайсыз суроолордун» бүгүнкү мейманы биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов болду. Көрсөтүүнү мен – Кубат Оторбаев алып бардым. Эмики шаршембиде саат 9дан 5 мүнөт өткөндө кайрадан жолугушканча саламатта туруңуздар.