8:00 Жогорку Кеңешке депутаттыкка ат салышуудан бир талапкер баш тартты

№37 Мырзаке шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке депутаттыкка мурда белгиленгендей тогуз эмес, сегиз талапкер катышаары күтүлүүдө. БШКнын маалымат кызматынын билдиргенине караганда талапкерлердин бири Жаныбек Алиязов талапкердигин алып койду. 29-октябрда болору күтүлүп жаткан бул шайлоодо 24 шайлоо участогунда добуш берүү болуп, жүздөн ашык милиция кызматкери коопсуздукту көзөмөлдөйт.(BuS)