18:00 Нарында «Реформа» кыймылын колдогон митинг 27-октябрда болот

Мындай маалыматты бүгүн Нарын шаарындагы “Биримдик” башкармалыгынын төрагасы Тойчубек Айдаралиев Азаттыкка билдирди. “2-ноябрдагы элдик реформаны колдоо жана ошондой эле тоолуу региондогу электр энергиясынын тарифин төмөндөтүү, кышка даярдык жана башка көптөгөн маселелер болот. Ушулар боюнча биз өлкөнүн президентине жана өкмөткө кайрылуу кабыл алабыз”, - дейт Тойчубек Айдаралиев. Облустук жана шаардык бийлик өкүлдөрү өз кезегинде митинг өткөрүү жөнүндө билдирүү кат келгендигин тастыкташты.(КU)