БУУ Иран жана Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырды

Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Мухамед Ал-Барадей кечээ Вашингтондо сүйлөп жатып, эки өлкөгө каршы санкциялар жыйынтык берээрине көзү жетпей турганын айтып, мындай чаралар абалдын мындан да курчушуна алып келиши мүмкүн деп билдирди.