8:00 Бүгүн кыргызстандыктар орозо айтты майрамдап жатышат

Бул күндүн урматына таң эрте Бишкек шаарынын борбордук эски аянтында жана жер-жерлердеги мечиттерде айт намаз окулууда. Кечээ президент Курманбек Бакиев мусулмандарды орозо айты менен куттуктап, муфтияттын техникалык базасын чыңдоого 2 миллион сом ыйгарды. Ушул эле күнү АКШ президенти Жорж Буш да кыргызстандык мусулмандарды куттуктаган телеграмма жиберди. (BuS)