Курманбек Бакиев ушул эле күнү АКШнын президенти Жорж Буштун орозо-айт майрамы менен куттуктаган телеграммасын алды. Анда Буш Кыргызстандын гүлдөп өсүшүн, жүргүзүлүп жаткан демократиялык жана базар реформасы өнүгүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келүүсүн каалаган.