ТӨЛӨЙКАН ИСМАИЛОВА: «ООР АБАЛДА ДИАЛОГДОН БАШКА ДАРЫ ЖОК»

Кыргызстанда жарандык коомдун өкүлдөрү бийлик менен оппозициянын ортосунда диалог болушу үчүн өз аракеттерин көрөрүн билдирүүдө. "Жарандар коррупцияга каршы" уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова "Азаттыкка" азыркы оор абалда диалогдон башка жолдор опурталдуу деп эсептейт.
- Президент менен оппозиция ортосунда күтүлгөн сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурады. Бирок ушул апта ичи аны кайра уюштурууга болобу. Сиздер да ортомчулук аракет көрүп жатасыздар го дейм?

- Туура айтасыңар. Кыргызстандын акыбалын кыргызстандыктар гана эмес дүйнө билип атат. Бул оор абалда диалогдон башка дары жок. Ошон үчүн мен ойлойм, оң тарапта дагы биз ардактаган, биз үчүн ыйык болгон көп адамдар бар. Бир четинен биз оппозицияны өстүрүшүбүз керек. Эгерде оппозиция радикалдуу бир тарапта туруп алса, бул дагы чоң коомчулук үчүн жаман иш болот.

Экинчи жагынан акыбалды биз баамдап келатабыз. Диалогдон башка айла жок. Кыргызстанда Нобель сыйлыгынын номинанттары бар жети аял. Жети аял ортомчу болуп оппозиция менен, мырза Текебаев менен, башка лидерлер менен да жолугуп жана Акүй тараптагы чечүүчү ключевой адамдар менен жолугуп атканбыз.

Бирок, биз жума күнү билип калдык, алтынчы күнү президент кабыл алат деп. Биз эч кандай аракет кылбай үйдө отурганда бизге телефон чалышты, келгиле, жолугушуу болгон атат деп. Калган окуяны коомчулук жакшы билет. Оппозициянын биринчи талабы эмне үчүн ал жерде Топчубек Тургуналиев бар деген талап болчу.

Мен ойлойм, оппозиция эң бир ыйык стандарттарды адам укугун кабыл алып туруп, ошол форматта иштеш керек. Кандайча плюралисттик коомду түзө алышат, бүгүндөн баштап бул кызыл, бул кара, бул көк деп коомчулукту айырмалаганга үйрөнүшү керек. Ошон үчүн мейли Топчубек Тургуналиев да кетти, экинчи жагынан башкалар да кетсин деди. Бирок ал жерде ишемби күнү иш чаралар болуп аткан, ар кандай адамдар жүрүшкөн. Оппозициянын күткөн эч кандай кубулуштарды көргөн жокбуз. Ошон үчүн президент мейли төрт киши биз тараптан, калганы келсин дегенине дагы болбой келишкен жок. Мен ойлойм ушул жагынан анча-мынча ката болуп калды.

- Төлөйкан айым, үзгүлтүккө учураган жолугшуудан соң сиздер президент Бакиев менен кездешип чыктыңыздар. Андан кийинки басма сөз жыйында сиз айттыңыз, президент Бакиев алгачкы Конституциялык кеңешме даярдаган Баш мыйзам долбоорун колдоого даярдыгын билдирди деп. Эгер бул чын болсо президенттин позициясындагы чар-жайыттуулуктун белгиси эмеспи. Себеби Бакиев буга чейин ал варианттан баш тартканы маалым, же оппозициянын талабынан улам ушундай кадамга баруу ниетин билдирип отурабы?

- Президентке жоолугардан мурун мырза Марат Султанов Венеция комиссиянын чоң жыйынынан Кыргызстанга келип президент менен жолугуп коомчулукка кабар берген. Мына мен президент менен жолуктум спикер катары, ошондо туура кеңешип биринчи вариантты талкуулап жана референдумдан баш тартат президент деген. Биз угуп алып ушунчалык сүйүндүк. Бул дагы оппозициянын айтып келе жаткан талаптарынын бири болчу.

Ошон үчүн биз барганда эле биринчи талапты айттык, спикердин маалыматын билебиз, туурабы десек, ал киши, туура, эгерде парламент чыныгы проблемаларды чече баштаса деди. Акыркы кездерде Кыргызстанда бир кишинин саясаты болуп атат, Кыргызстандын тагдырын, же чеччү маселелерди карабай эле, бири-бирин күнөөлөп, күндөн күнгө ажырым чоң болуп атат. Ошон үчүн биз айттык, эң биринчи орчундуу маселе- бул Конституциялык реформа, ошол биринчи вариантты негиз кылып, калган варианттардан жакшыларын алып толуктаганга даярсызбы дедик. "Макул мен даярмын, эки жол бар, эгер парламент жемиштүү иштесе, эгерде ушул проблемага карашса, мен сөзсүз түрдө референдумдан баш тартам" деди. Ал жерде укук коргоочулар Наталья Аблова, Азиза Абдрасулова, Галина Куликова жана мен бар болчубуз.

- Сиздин көз карашта кырдаал 24-марттын алдындагыдай эмеспи?

- Кырдаал 24-марттын алдындагыдан дагы аябай жаман. Анткени эгерде мурунку мезгилде бир гана Акаевдин саясатына каршы десек, бүгүнкү күндө бир жылдан ашкандан кийин аябай көп жакшы да, эң бир жаман саясий күчтөр да пайда болду. Анткени Кыргызстандын көп региондорунда күч саясат болду, "мен революционермин" деп эле жеке менчигин алып, жаман мыкаачылык саясат болду.

Укук коргоочулар Бишкекте отурбай колдон чыгып аткан маселелерди мыйзам ченемине келтирели деп Нарында, Жалалабатта, Ошто ар кайсы жерлерде жүрөбүз. Баары тең мыйзамдан чыгып кетишкен.

Экинчи жагынан терроризмге каршы деп азыр өкмөт саясий иштерди жасап атат. Бирок ал да мыйзам ченеминде болбой, кээде ошол жакшы адамдар түрмөгө түшүп, же өлүп калган фактыларды биз бүгүнкү күндө топтоп атабыз. Үчүнчү жагынан, үчүнчү күч пайда болду деген бул жомок эмес, карап турган көп жаман нерселер бар. Ошон үчүн бүгүнкү күндө оппозиция аябай жоопкерчиликтүү болушу керек.

Азыркы күндө оппозициянын арасында дагы өз кызыкчылыгын караган адамдар жок эмес. Мен ойлойм акылдуу адамдар, бизнесмендер өзүнүн бизнесин бүгүнкү күндө сатып, бүт карызынан кутулуп, таза оппозиция болуп, чыныгы баалуулуктарды колдоп, анан мен чын коррупциядан таза адаммын деп элдин астына чыгып туруп, жоопкерчиликти алыш керек.