15:00 Азимбек Бекназаров элди революциянын экинчи этабына чакырып чыкты

“Асаба” партиясынын лидери Азимбек Бекназаров калайык калкка, президент Курманбек Бакиевге кайрылуу менен чыкты. Анда өлкө башчысы эл койгон талаптарды аткаруу колдон келбесе 2-ноябрга чейин өз каалоосу менен кызматтан кетиши керек деп айтылган. Бекназаров президент Бакиевди тегерегине Акаевден калган коррупционерлерди топтоп алып, үйбүлөлүк саясатты башка үлгүдө улантып жатат деп сындаган. (AJ)